​Равшан Жээнбеков: Жаңы Кыргызстан таза шайлоодон башталат

Бишкектеги №1 тергөө учурундагы абак жайында жаткан Равшан Жээнбеков коомчулукка кезектеги кат жиберди. Ал алдыдагы парламенттик шайлоо, келечекти тандоо тууралуу ой-пикирин билдирди.

-Эгемендигибиздин 30 жылында биз дале жообун таппай келаткан маанилүү суроолор чогулуп калды:

  • Бийлик эмнеге, кантип жана кайсы себептен шайлоолорду ийгиликсиз өткөрүп келет?
  • Эмнеге шайлоого баруу керек?
  • Шайлоодон соң биз эмнеге ээ болобуз?
  • Шайлоолор кантип өнүгүүгө алып барат?

Бийлик эмнеге, кантип жана кандай себептен шайлоолорду ийгиликсиз өткөрүп келет?

-Бардык мамлекеттерде шайлоолор жана соттор көйгөйлөрдү чечүү үчүн түзүлгөн. Кыргызстанда болсо алар, тескерисинче, көйгөйдү дагы да көбөйтүүнү көздөшөт. Шайлоолор президенттердин оюнчугу болуп калгандыктан – социалдык жарылуулардын катализатору. Ыңгайсыздардын баарын бийлик “гейлер жана тыңчылар”, “эл душманы” деген жарлык тагышат жана ар түрдүү ойдон чыгарылган шылтоолор менен түрмөгө камашат. Парламентке болсо Кыргызстан үчүн ылайыксыз кандай келишим болбосун кол коюп берген кың дебес куурчактар менен жердештер өтүп келишет.

Бийлик 30 жыл бою элди алдап келди. Кыргызстандагы шайлоолорду уюштуруучулар – БШК, соттор жана укук коргоо органдары таза шайлоолорду өткөрүү колдорунан келбейт жана каалашпайт жана жарылууларга жеткирет. Мындайлар 2005, 2010 жана 2020-жылдары болгон.

Жаңы бийликте шайлоолорду таза жана ачык кылуу үчүн бир жыл убактысы болду. Бирок анын ордуна алар атаандаштарын камоону жана каршылаштарын балит соттордун, укук коргоо органдарынын жана “спортчулардын” колу менен басууну чечишти.

2020-жылдагы жокко чыккан шайлоодон бир жыл өтүү менен, алдыдагы шайлоолор да бузулаары ачык болуп турат.

Эмнеге шайлоого баруу керек?

-3,5 миллион шайлоочудан жарымына жакыны добуш беришет. Калган жарымы айтышат – мен саясаттан тышмын; бийлик балит, баары бир биз үчүн баарын чечип коюшат; менде баары жакшы, эмне үчүн шайлоого барышым керек.

Тилекке каршы, өлкөдөгү саясат менен жеке жашоосунун, демократия менен өнүгүүнүн; таза шайлоо менен эффективдүү башкаруунун; күчтүү оппозиция менен адилеттиктин ортосундагы байланышты баары эле көрө албай келет. Иш оруну, жакырчылыкты жоюу, мугалимдердин, дарыгерлердин айлыктарын көтөрүү маселеси саясаттан, тагыраагы демократиянын, эркиндиктин жана адам укуктарынын деңгээлинен көз каранды экенин калкыбыздын көпчүлүгү алигече түшүнө албай келет. Добуш берүүгө келбеген адамга ар дайым салмактуу себептер табылат. Татыктуусу жок, шайлоого ишенишпейт ж.б.

Бизнес, пенсионерлер, мамлекеттик кызматкерлердин көпчүлүгү, мугалимдер жана дарыгерлер төңкөрүштү жакташпайт. Аларга туруктуулук жана бюджеттин абалы маанилүү. Төңкөрүштөн аларды уюштургандарга жакын айрым адамдар, бийликке келген президенттер менен алардын жакындары гана утушат. Алар батыл карьераларды жасашат, “миллионер” болушат, калгандары “бир аз чыдоо керек” деген убадаларды алышат. Андан соң кайра эле татаал мезгилдер жаралат жана ушинтип 30 жыл бою кайталанып келет.

Кыргызстан өлкө катары жакынкы жана алыскы өнөктөштөрүнүн ишенимин жогото берет.

Биз 1 саат убакытыбызды бөлүп, шайлоого барышыбыз жана биздин кызыкчылыгыбызды чагылдыргандарга добушубузду беришибиз керек.

Шайлоодон соң биз эмнеге ээ болобуз?

-Бийлик жакшы келечекти, жакырчылыктан чыгуунун жана социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун сунуштай албайт. Эгерде биз парламентке бийликтин куурчактарынын гана келишине макул болсок, анда биздин абалыбыз бери дегенде ушул бойдон калат, же дагы да начарлайт. Бирок, бизде саясатчылардын ичинен жакшы билимге ээ, өз пикири жана көрүмү бар, каршылык көрсөтө алган жаңы муунунун тандап алуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Өлкөбүз үчүн сапат абдан маанилүү жана керек. Азыр ат салышып жаткандар үчүн эгемен саясатчылар, жарандык коом жана эркин медиа жетишкен аздыр-көптүр ачык шарттар бар. Шайлоо процедуралары идеалдуу эмес, бирок начар да эмес. Биз саясатта муундар кантип алмашып жатканын көрүүдөбүз, жаштардын, аялдардын жаңы мууну келишти. Келечекке өздөрүнүн көрүмү менен, Жаңы Кыргызстанды талап кылуу менен келишти, биз бийликке өзүбүзгө жаккандарды илгерилете алабыз. Жана биздин тандообуз шайлоодон кийин эмнеге ээ болоорубузду чечет жана кийинки 5 жылга өз таасирин берет.

Шайлоолор кантип өнүгүүгө алып барат?

-Жакшы шайлоону биз, жарандар гана жасай алабыз. Бизге пенсия, жакырчылык, жумушсуздук, талкаланган билим берүү, саламаттык сактоо жана коопсуздук көйгөйлөрүн чечүү үчүн улуттук биригүү зарыл.

Добуш берүү жана таза шайлоо үчүн күрөшүү менен биз саясатчылар менен кландардын ортосунда тандабайбыз, Кыргызстандан качуу менен жаңы Кыргызстанды куруунун ортосунда тандайбыз. Аттангыла, добуш бергиле, кимге ишенсеңер шайлоолордо аларга жардам бергиле.

Демилгени өз колубузга алуу мезгили келди. Жаңы Кыргызстан таза шайлоодон башталат, келечекти тандагыла!

Равшан Жээнбеков

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты