​Мамлекет жана коом карыларыбыздын кем-карчына көңүл бурушу зарыл. Президенттин куттуктоосу

  • 3 года мурун

1-октябрь — карылардын эл аралык күнү. Мамлекет башчы Садыр Жапаров куттуктады.

Куттуктоосунда буларды белгиледи:

-Мамлекет жана коом карыяларыбыздын кем-карчына, суроо-талаптарына ар дайым көңүл буруп турушу зарыл. Анткени, кутман куракка жеткен ата-апаларыбыз кийинки урпактарга, жалпы эле Ата Журтка жасаган асыл эмгеги үчүн мамлекет тарабынан камкордукка алынууга толук акылуу.

Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү!

Карылардын эл аралык күнү менен чын дилимден чыккан куттуктоомду кабыл алыңыздар. Баарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр, бакубат жашоо, кажыбас кайрат тилейм. Ак сакалын жайкалткан аталар, ак элечегин башынан түшүрбөгөн энелер төрдүн көркү, акылдын кенчи болуп жүрө бериңиздер!

Бар болуңуздар!-деди куттуктоодо.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты