УКМК жарандарды чек арадан мыйзамсыз алып өтүп турган туруктуу каналды аныктаганын билдирди

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жарандарды чек арадан мыйзамсыз алып өтүп турган туруктуу каналды аныктап, ишине бөгөт койду. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иликтөө иш-аракеттери жүргүзүлүп, анын алкагында жарандарды коңшу өлкөгө мыйзамсыз алып өтүп турган Э. К. жана Э. Ж. А. аттуу адамдар кармалган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү кылмыш болуп саналарын жана бул үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде 3 жылга чейин эркинен ажыратуу же 260 000 сомго чейин айып салуу түрүндөгү жаза каралганын эскертет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты