Садыр Жапаров Бишкектеги үйүн «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКына өткөрүп берди

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы үйүн кайтарымсыз негизде «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун балансына өткөрүп берди. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

«Бүгүнкү иш-чаранын максаты – жеке турак жай рыногун жакшыртуу, муну менен «МИК» ААКсына «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик программасынын алкагында муктаждарды турак жай менен камсыздоосуна жардам берүү», — деп жазылат маалыматта.

Садыр Жапаровдун айтымында, ал бул үйдү үй-бүлөсү менен 2005-жылы сатып алган, 2010-жылдары башка жакка көчүп кетишип, үй ошол убактан бери бала бакча катары иштеп келген.

Сүрөт: Президенттик администрациянын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты