Жалал-Абадда нашаа сатууга шектелген адам кармалды

  • 3 года мурун

Жалал-Абад облусунда нашаа сатууга шектелип жаткан адам кармалды. Кармоо учурунда анын жанынан 7 килограммга жакын “гашиш” баңгизаты табылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген адамдарды аныктоо максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, анын алкагында Тогуз-Торо районунун 50 жаштагы тургуну К. Т.нын гашиш сатуу менен алектенери аныкталган

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери биргеликте атайын иликтөө иштерин жүргүзүп, шектүүдөн төрт жолу 417 гр. салмактагы “гашиш” баңгизатын сатып алышкан.

23-сентябрда Сузак районунда кезектеги соодалашуу учурунда милиция кызматкерлери шектүүнү кармашкан. Кармоо учурда анын унаасынан 6 килограммдан ашык баңгизат табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, алынган заттын 6 кг 940 гр салмактагы “гашиш” экендиги аныкталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат.

Сүрөт: Интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты