Бээжиндеги Кышкы Олимпиада оюндары чет өлкөлүк күйөрмандарсыз өтөт

  • 3 года мурун

Бээжинде өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына чет өлкөлүк күйөрмандар катыша албайт. Билеттер коронавируска каршы күрөшүү талаптарына жооп берген Кытайдын материкалык бөлүгүндө жашагандарга гана сатылат.

Мындай чечимди Эл аралык Олимпиада комитети кабыл алды.

Комитеттин токтомуна ылайык, толук эмдөөдөн өтпөгөн мелдештин катышуучулары Бээжинге келгенде үч жума карантинде болот.

Бээжиндеги кышкы Олимпиада оюндары 2022-жылдын 4-20-февралында өтөт.

Орусиялык спортчулар допинг чырына байланыштуу Токиодогудай эле өлкөнүн Олимпиада комитетинин курама командасы катары катышат. Жеңишке жетишкен учурда улуттук желектин ордуна комитеттин туусу көтөрүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты