Медиа коомчулугу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду

  • 3 года мурун

Жалпыга маалымат каражаттарына (ЖМК) байланыштуу мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө каршы болгон медиа коомчулугунун өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровго жана юстиция министри Асел Чыныбаеванын атына кайрылуу жолдошту.

Алар ЖМК ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзамдар чукул өзгөртүлгөнүн белгилеп, бирок өзгөргөн мыйзам долбоорлору ачык талкууланбай жатканына нааразылык билдирип жатышат. Медиа эксперттер бул мыйзамдарга киргизиле турган ар бир өзгөртүү терең анализди жана кеңири талкууну талап кыларын эскертишти.

Кайрылуу ээлери ЖМК жаатындагы мыйзамдарды өзгөртүү тууралуу сунуштарды киргизүүгө эрте деп эсептешет. Алар «ЖМК тууралуу» жана «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» мыйзамдарды өзгөртүүсүз калтырууну өтүнүшүүдө.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги медиа коомчулуктан «Маалымат каражаттары тууралуу», «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө», КТРК тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө сунуштарды сураган. Бул үчүн үч күн убакыт берилген. Министрлик сунуштаган өзгөртүүлөргө ылайык, «Маалымат каражаттары тууралуу» жана «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндөгү» эки мыйзам бириктирилмекчи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты