«Ош» базарында өрт чыкты

  • 3 года мурун

Бишкектеги «Ош» базарынын аймагында жайгашкан «Кыял» соода борборунда өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, өрттөн базардын ичиндеги бут кийим оңдоочу жай, 17 даана кийим тигүүчү машина, идиш-аяктар, суусундук сатуучу 17 темир контейнер (павильон) жана темир устундуу желим менен жабылган өтмөктөрдүн чатырлары күйгөн. Ошондой эле эки чач тарачтын желим терезеси менен аба муздаткычы ээрип кеткен.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 100 чарчы метрди түздү.

Өрттү өчүрүүгө эки бригада тартылып, саат 05:27де толугу менен өчүрүлдү.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты