​Парламент Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагалыгына дайындоого макул болду

  • 3 года мурун

Бүгүн, 29-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевди дайындоого макулдук берилди.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Кубанычбек Бөкөнтаев азыркыдай кыйын кырдаалда Улуттук банктын абалы анча жаман эмес экенин, олуттуу кескин өзгөрүүлөр болбой турганын, мурдатан иштелип чыккан өлкөнүн акча-насыя саясаты улантыларын билдирди. Ошону менен бирге, айрым бир тобокелчиликтер да жок эмес экенин моюнга алды.

Кубанычбек Бөкөнтаев Жогорку Кеңеште суроолорго жооп берип жатып Убактылуу өкмөткө «мамлекеттик бюджетте бир нече миллиард сом, ал эми фонддо 220 млн. доллар бар экенин ачык айткам. Ошондон кийин мени кызматтан алып, прокуратура коррупция боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал жерде кылмышты мен эмес, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кылган. Алар өздөрү банк ячейкаларынан бир нече миллиард долларды алып, жок кылышкан» деп билдирди.

Улуттук банктын төрагалыгына талапкер Кубанычбек Бөкөнтаев 2006-жылдан 2010-жылга чейин Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2010-жылы 28-апрелде кызматтан бошотулган.

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алды. Толкунбек Абдыгулов президенттин сунушу менен Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп кетип жатканын байланыштуу арыз жазганын, эч кандай саясий кысым болбогондугун билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты