​Кубанычбек Бөкөнтаев “Өнүктүрүү фондунда 220 млн доллар бар” дегени үчүн Убактылуу өкмөт аны куугунтуктаганын билдирди

  • 3 года мурун

Улуттук банктын төрагалыгына талапкерлиги сунушталып жаткан Кубанычбек Бөкөнтаев Жогорку Кеңеште суроолорго жооп берип жатып Убактылуу өкмөткө «мамлекеттик бюджетте бир нече миллиард сом, ал эми фонддо 220 млн. доллар бар экенин ачык айткам. Ошондон кийин мени кызматтан алып, прокуратура коррупция боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал жерде кылмышты мен эмес, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кылган. Алар өздөрү банк ячейкаларынан бир нече миллиард долларды алып, жок кылышкан» деп билдирди.

Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлиги Улуттук банктын төрагалыгына сунушталып жатат. Кубанычбек Бөкөнтаев Түп районунун Светлый Мысь айылында туулган. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында анын талапкерлиги каралып жатканда ал 2010-жылдан бери банк тармагында иштебегендигин, бирок банк тармагынын билимдүү адиси экенин билдирди.

Депутат Абдывахап Нурбаевдин суроосуна жооп берип жатып, апрель окуясынан кийин «Өнүктүрүү фондунда 220 млн. доллар бар» деп маалымат жыйынында ачык айтканы үчүн Убактылуу өкмөттүн куугунтугуна кабылганын айтты:

«Апрель окуясына чейин мен Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштегем. 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөт бардык акча таланып-тонолгонун, анын ичинде Өнүктүрүү фондунда да акча жоктугун жарыялаган. Мен банк тармагына жооптуу болгондуктан, чыныгы кырдаалды билчүмүн. Ошондуктан, маалымат жыйынын уюштуруп, мамлекеттик бюджетте бир нече миллиард сом, ал эми фонддо 220 млн. доллар бар экенин ачык айткам. Ошондон кийин мени кызматтан алып, прокуратура коррупция боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал жерде кылмышты мен эмес, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кылган. Алар өздөрү банк ячейкаларынан бир нече миллиард долларды алып, жок кылышкан».

2010-жылы жайында Убактылуу өкмөттүн укук коргоо органдарын караган орун басары Азимбек Бекназаров менен каржы тармагын тескеген Темир Сариевдин банк уячаларынан алынган 2 млн доллар тууралуу телефон сүйлөшүүсү жазылган аудио интернетке чыгып, коомчулукта кызуу талаш-тартыш жараткан. Кийин аталган каармандар муну үндөрү монтаждалган чагым деп баалап, сөз болгон акча каражаты өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салууга жумшалганын айтып чыгышкан.

Улуттук банктын төрагалыгына талапкер Кубанычбек Бөкөнтаев 2006-жылдан 2010-жылга чейин Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2010-жылы 28-апрелде кызматтан бошотулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты