Чет өлкөдө 750 миңден ашуун кыргызстандык мигрант эмгектенет

  • 3 года мурун

Чет өлкөлөрдө иштеп жаткан кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны 750 миңден ашат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин миграция департаментинин директору Таштанбек Каймазаров «Эмгек мигранттарынын потенциалын Кыргызстандагы өнүгүү процесстерине тартуу» аталышындагы тегерек столдо билдирди.

«Өлкөдө, айрыкча айыл жергесинде ресурстардын чектелүү болгондугуна байланыштуу ички жана сырткы миграция жаштар арасында жумушка орношуунун жана социалдык статусун жогорулатуунун жалгыз мүмкүнчүлүгү катары каралат», — деди ал.

Каймазаров мигранттар которгон каражат көпчүлүк учурда үй-бүлөлүк кирешесинин жарымынан көбүн түзүп, үй-бүлөлөр ошонун негизинде камсыздалып жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары ал заманбап миграциялык процессте туруктуу феминизация тенденциясы байкалып жатканын белгиледи. Миграциялык статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2014-жылдан бери миграцияга кеткен аялдардын саны эркектердикине салыштырмалуу кыйла жогорулаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты