Жогорку Кеңеш Абдыгуловдун арызын кабыл алды

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алды. Жыйынга жалпы 66 депутат катышып, алардын 62си арызды кабыл алууга макул болсо, 2 депутат каршы добуш берди.

Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевди сунуштаган. Учурда парламент президенттин бул сунушун карап жатат.

Толкунбек Абдыгулов президенттин сунушу менен Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп кетип жатканын байланыштуу арыз жазганын, эч кандай саясий кысым болбогондугун билдирди.

Абдыгулов Улуттук банкты 2014-жылдан бери жетектеп келген. Ортодо кыска мөөнөткө өкмөткө барып, биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалап, кийин ордуна кайткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты