Улуттук банк мамлекеттик бюджетке 2,5 млрд сомду мөөнөтүнөн мурда которгон

  • 3 года мурун

Улуттук банк Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 2,5 млрд сомду мөөнөтүнөн мурда которуп берген. Бул маалыматты банктын кызматтан кетип жаткан төрагасы Толкунбек Абдыгулов ырастады. Ал бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, буга мыйзам жол берерин айтты.

«Ооба, бул маалымат чын. Мыйзам боюнча жана эл аралык талаптарга ылайык, биз кирешенин бир бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда которууга укугубуз бар. Бирок бул сумма кирешенин үчтөн бир бөлүгүнөн ашпоого тийиш. Эл аралык аудитор менен макулдашып, 2,5 млрд. сомду котордук. Бул сумма ансыз деле жыл аягында бюджетке түшмөк. Мында мыйзам бузуу жок»,- деди Абдыгулов.

Анын айтуусунда, Улуттук банктын быйыл, сентябрга карата кирешеси 9 млрд. сомдон ашуун, ал эми алтын-валюта резерви 3,2 млрд. долларды түзөт.

Кечээ, 28-сентябрда Толкунбек Абдыгуловдун Улуттук банктын төрагалагынан кетүүгө арыз бергени белгилүү болгон. Ал президенттин сунушу менен Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп кетип жатканын, эч кандай саясий кысым болбогонун билдирди.

29-сентябрда Жогорку Кеңеш Абдыгуловдун арызын кабыл алды.

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкты 2014-жылдан бери жетектеп келген. Ортодо кыска мөөнөткө өкмөткө барып, биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалап, кийин ордуна кайткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты