Көчөдөгү көрнөк-жарнактардын жарыктарын өчүрүү тууралуу буйрук чыкты

  • 3 года мурун

«Улуттук энергохолдинг» ишканасы жалпы өлкө аймагындагы көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, кафе-ресторан, дүкөн жана башка оюн-зоок, соода борборлорунун жарнактык жарыктарын өчүрүү тууралуу буйрук чыгарды. Аталган буйрукка мекеменин башчысынын орун басары Замирбек Кожомамбетов 27-сентябрда кол койгон.

Бул тууралуу ишкананын басма сөз катчысы Азамат Курамаев «Азаттык» радиосуна билдирди. Анын айтымында, мындай чаралар электр энергиясын үнөмдөө максатында көрүлүп жатат.

«Кышкы жылуулук сезонуна карата электр энергиясын үнөмдөө максатында ашыкча энергия талап кылган жарнактык жарыктарды өчүрүү тууралуу буйрук бөлүштүрүүчү компанияларга жиберилди. Анда парктардагы жарыктарды өчүрүү тууралуу айтылган эмес».

Маалыматка ылайык, аймактардагы бөлүштүрүүчү компанияларга таңга жуук жана кечкисин кыдырып, электр энергиясын үнөмдөөнү көзөмөлдөө боюнча тапшырма берилди.

Электр энергиясын үнөмдөө максатында ашыкча жарыктандырууга жол бербөө тууралуу буйрук «Түндүкэлектро»,»Чыгышэлектро», «Ошэлектро» жана «Жалалабатэлектро» ишканаларына да жиберилди.

Азамат Курамаев өлкөдө электр энергиясын чектөө киргизилбегенин бекемдеп, жер-жерлерде электр энергиясы кышкы жылуулук сезонуна даярдык көрүүгө байланыштуу өчүрүлүп жатканын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты