Бишкекте алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Ал Lexus ES250 үчүн 18,5 миң доллар убадалаган

  • 3 года мурун

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 40 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу 29-сентябрда Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү май айынын аягында Бишкек шаарынынын тургунунан баасы 18,5 миң долларлык Lexus ES250 үлгүсүндөгү унааны сатып алып, акчасын эртеси күнү берүүнү убадалаган. Бирок акчаны убадалашкан убакка алып келген эмес. Алданып калганын айткан адам милиция кызматкерлерине кайрылган.

Аталган факт кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») боюнча катталып, иликтөө иштери башталган.

Кылмышка шектүү катары Октябрь РИИБинин №4 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 1981-жылы туулган Т. А. кармалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты