1-ноябрдан тартып Бишкекте коомдук унаада жол кире кымбаттайт
- 3 года мурун
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары коомдук унаада жол кирени кымбаттатуу токтом долбоорун жактырышты.
Токтом долбоорун 36 депутаттын 33ү колдоду. Экөө каршы чыкты, бирөө калыс болду.
Троллейбус-автобустарда 11 сом, маршруттук такси жана чоң автобустарда 15 сом болору күтүлүүдө.
Учурда Бишкекте автобус, троллейбус акысы — 8 сомдон, маршуртту таксиде жол акынын баасы — 10 сом.
Муну бөлүшүү