​Тамеки жана тамеки каражаттарынын жарнамасына тыюу салынат

  • 2 года мурун

«Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки, никотин керектөө кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамга Президент Садыр Жапаров кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 29-июлунда кабыл алынган.

Мыйзам тамеки каражаттарынын бардык түрлөрүн, никотинди жеткирүүнүн электрондук системасын колдонууга көзөмөл орнотуу жана тамеки каражаттарынын жарнамасына тыюу салуу аркылуу, тамекиге жана тамеки каражаттарынын бардык түрлөрүнө каршы күрөшүү боюнча нормаларды жакшыртууга жана чараларды күчөтүүгө багытталат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты