​Ысык-Көл мамлекеттик каттоонун директору жана кызматкер коррупцияга шектелип кармалды

  • 3 года мурун

Жеке ишкер менен сүйлөшүп, Ысык-Көлдүн эс алуу аймагындагы жер тилкесин опузалап алган Ысык-Көл мамкаттоонун кызмат адамдарынын тобу кармалды

Бул туралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл мамкаттоонун кызмат адамдары жеке пансионатка ээ болуу үчүн жабырлануучуга таандык жер тилкесинин жанындагы жерди кызмат адамдын менчигине каттоого алышкан.

28-сентябрда кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Пара талап кылуу) боюнча кылмышка шектүү катары, Ысык-Көл мамлекеттик каттоонун директору А.Н., кызматкер К.Н., ошондой эле жеке ишкер У.Б. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан тергөө мөөнөтүнө карата аларга баш коргоо чарасы каралды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты