Каналдагы сууга чөгүп кеткен наристенин сөөгү табылды
- 3 года мурун
Ош облусунун Кара-Суу районунда Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен 1,5 жашар кыздын сөөгү бүгүн, 28-сентябрда, табылды.
26-сентябрда Отуз Адыр айыл аймагынын Тойчу айылында 1997-ж.т. И.М. аттуу аял үч жашар жана 1,5 жашар эки кызы менен Отуз-Адыр каналына түшүп кеткендиги тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигине маалымат түшкөн.
Жергиликтүү тургундар тарабынан аялды жана анын үч жашар кызын суудан аман-эсен чыгарууга жетишкен, бирок 1,5 жашар кызды куткара албай калышкан.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү