Президент экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун каршы пикир менен артка кайтарды

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинети сунуштаган экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун каршы пикир менен Жогорку Кеңешке кайра кайтарды. Бул тууралуу, бүгүн, 27-сентябрда президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

«Экономиканын өзгөчө кырдаал чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун бүгүнкү күндөгү эң талаштуу демилгеси болуп саналат. Мыйзам бизнес өкүлдөрүнүн катышуусуз иштелип чыгып, Жогорку Кеңеш тарабынан дароо үч окууда бекитилген.

11-августта ишкерлер менен бизнес коомчулуктун кызыкчылыгын коргогон ассоциациялар аталган мыйзам долбоорун артка кайтарууну талап кылып, президентке кайрылуу жасашкан.

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө Бизнес-акыйкатчынын орун басары — НУРЛАН МҮСҮРАЛИЕВ мыйзам долбоорунун тобокелчиликтери тууралуу.


Сүрөт: Интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты