​Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 3 миллион доллар грант бөлүп берет

  • 3 года мурун

Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 3 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлүп берет. Бул каражатка 70 санитардык жана 40 тез жардам унаасын сатып алуу пландалууда.

Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда парламенттин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди.

“Бир тез жардам унаасынын баасы 50 миң долларга чейин болот. Бул сумманын ичине кычкылтек концентраторлорунан тартып, бардык керектүү жабдуулар камтылган. Аларсыз унаанын өзү 35 миң доллардын тегерегинде болот. Бул “Газель”, “Соболь” унаалары. Өткөн жылы дагы мындай унаалар алынган. Алар азыр Бишкек шаарында жана аймактарда кызмат көрсөтүп жатат”, — деди Бектурганов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты