Режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы «Оскарга» көрсөтүлдү

  • 3 года мурун

Режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Американын кинематография искусствосу жана илимдер академиясынын “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлөт. Мындай чечимди Кыргызстандын Оскар комитети 18-сентябрдагы жыйынында кабыл алды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тасма «Эң мыкты эл аралык көркөм тасма» наамына көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, аталган тасма Чынгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган. Тасманын дүйнөлүк бет ачары 2020-жылы Шанхайдагы эл аралык фестивалда өткөн. Ушул жылдын 25-апрелинде тасма «Ника – 2020» сыйлыгын жеңип алган.

Учурда чет мамлекеттер комитети сыйлыктын узун тизмесине талапкерлерди тандап жатышат, андан кийин академиянын тизмесин киноакадемиянын атайын калыстары аныктайт. 2021-жылдагы кино жетишкендиктери үчүн 94-Оскар сыйлыгы 2022-жылдын 27-мартында Лос-Анжелестеги “Долби” театрында өтөт.

«Оскар» сыйлыгы 1929-жылдан бери жыл сайын кино жаратуучуларга көркөм өнөргө кошкон салымы үчүн берилип келет. Сыйлоо аземи жыл сайын Лос-Анджелесте, «Долби» театрында өткөрүлөт жана дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө түз эфирде көргөзүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты