Исхак Масалиев шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын курамында катышышы мүмкүн

  • 3 года мурун

Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев 28-ноябрда өтө турчу парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы менен барышы мүмкүн. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров маалымдады.

«Партиянын айрым мүчөлөрү бюродо жыйын уюштуруп, Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиевдин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын курамында шайлоого баруусу тууралуу чечим чыгарышыптыр. Биздин социалдык, саясий жана мамлекеттик түзүлүш боюнча көз караштарыбыз эң жакын. Биз кечээ саясий кеңештин жыйынын өткөрдүк, бул боюнча азырынча сөз боло элек», — деди ал.

Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев да Мадумаровдун бул сөзүн тастыктап, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, азырынча бир бүтүм чыга электигин «Азаттыкка» билдирген.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүлөт.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты