Чүйдө турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду

  • 3 года мурун

Чүй облусунун Маевка айылында турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт дивандан чыккан. Кырсыктын кесепетинен 89 жаштагы М.Г. денесинен күйүк алып каза болгон. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Белгилей кетсек, бир сутканын ичинде республиканын аймагында 26 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 28 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Сүрөт: Интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты