Акыркы суткада коронавирус 59 адамдан аныкталып, эки бейтап көз жумду
- 3 года мурун
27—сентябрга карата Кыргызстанда COVID-19дун 59 жаңы учуру аныкталды. Эки бейтап көз жумду.
Анын ичинде:
Бишкек шаары – 33;
Ош шаары – 0;
Чүй облусу – 9;
Ош облусу – 0;
Талас облусу – 0;
Нарын облусу – 4;
Ысык-Көл облусу – 9;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу – 0.
Коронавирус аныкталган учурлардын жалпы саны 178 317ге жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 64. Айыгып чыккандардын жалпы саны — 172 912.
Каза болгондор — 2. Жалпы — 2602.
Стационарда 491 жана амбулатордук түрдө 834 киши дарыланып жатат.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү