Президент Жапаров: Эгер кайсы бир мамлекеттик кызматкер шайлоо процессине кийлигишсе, ага катаал чара көрүлөт

  • 3 года мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда, Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Улуу Памирдин этникалык кыргыздары үчүн жаңы шаарчанын курулушуна капсула салуу учурунда, жергиликтүү калк менен жолугушуп, алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу суроолорго жооп берди. Ар бир мамлекеттик органдын алдында шайлоо процессинин таза жана ачык өтүүсүн камсыздоого катуу талаптар коюларын өзгөчө белгиледи.

«Парламенттин жаңы чакырылышына эл кимди шайласа дал ошолор келиши үчүн бардык шарттар түзүлдү. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме аркылуу, 36 бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоочулар партия үчүн гана добуш берген өткөн шайлоолордон айырмаланып, алдыдагы шайлоолордо шайлоочулар партия үчүн эле эмес, андагы өзүнчө бир талапкерге да добуш берген система киргизилди. Эгер кайсы бир мамлекеттик кызматкер шайлоо жараянына кийлигише турган болсо, ага карата токтоосуз түрдө катаал чаралар көрүлөт» деп билдирди Садыр Жапаров.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты