Улуу Памир жана Кичи Памирдин этникалык кыргыздары үчүн Чоң-Алайда шаарча курулат

  • 3 года мурун

адыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда, Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Улуу Памирдин этникалык кыргыздары үчүн жаңы шаарчанын курулушуна капсула салды.

Кашка-Суу айылында Бурган-Суу тилкесинде 30 га жеке турак жайларын жана социалдык объектилерди курууга трансформацияланган.

Бул аймакта турак жай, 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектеп, саламаттык сактоо жана башка социалдык объектилердин салынышы пландалууда.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн, ошондой эле айрым объектилердин курулушу «Ассанабил» коомдук кайрымдуулук фондунун көмөктөшүүсүндө жүргүзүлөт.

Мамлекет башчысы афгандык кыргыздарды үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин тарыхый мекенине көчүрүп келүү ниетин дагы бир жолу белгиледи.

Анын айтымында, бул жерде келечекте 300-400 үй памирлик кыргыз жагымдуу шарттары менен жашай алгыдай курулат.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты