Азиз Аалиев: Көмүр казууда жетишпестиктер бар, бирок муктаждыктар канааттандырылат

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев Нарын облусунун Жумгал районундагы «Кара-Кече» көмүр кенине барды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, экономика тармагынын жана калктын 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилине даярдыгына ылайык, республика боюнча жалпысынан 3 млн 18 миң тонна көмүр керектелет, анын 950 миң тоннасы Кавак көмүр бассейнинин көмүр казуучу ишканаларына туура келет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, социалдык объектилерди көмүр менен камсыздоо иши үстүбүздөгү жылдын октябрь айында башталат.

«Кен казуу иштерин тездетүү үчүн көмүр казуучу ишканаларга Өзгөчө кырдаадар министрлигинин кошумча техникасы берилди. Октябрь айынын башында Нарын облусуна жана республиканын башка аймактарына көмүр жөнөтүлө баштайт. Калктын жана бюджеттик уюмдардын көмүргө болгон муктаждыгы толук көлөмдө канааттандырылат», — деди Азиз Аалиев.

Ал кошумчалагандай, аба ырайынын шарттарына байланыштуу көмүр казуудагы жетишпестиктерге жана күйүүчү-майлоочу майдын баасынын жогорулашына карабастан, көмүр казуучу ишканалар тарабынан экономика тармактарын көмүр менен камсыз кылуу планы аткарылат.

Сүрөт: Миниистрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты