​Бурана мунарасын сактоо долбооруна АКШ фондунан 200 миң доллар каржылоо каралууда

  • 3 года мурун

АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарыхый Бурана мунарасын консервациялоо боюнча долбоордун ачылыш аземин 24-сентябрда өткөрдү.

Ага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана Бурана мунарасынын музей-комплексинин жетекчилери катышты.

Кыргызстандагы 11- кылымдагы Бурана мунарасын антропогендик жана сейсмикалык коркунучтардан коргоо долбоорунда АКШ элчилеринин маданий баалуулуктарды сактоо фондунан (AFCP) 200,000 доллардан ашуун көлөмдөгү каржылоо каралган.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө кыргыз маданиятына болгон урмат-сыйды баса белгиледип:

“Улуу Бурана мунарасы миң жыл бою кылым карытып турду жана биз ал дагы миң бекем турат деп үмүттөнөбүз. Бүгүн биз кыргыздын улуттук байлыгын сактоону колдоо үчүн Кыргыз-АКШ өнөктөштүгүн өнөктөштүк белгилеп жатабыз,” — деди.

Иш-чара жергиликтүү демөөрчүлөрдүн, анын ичинде Шоро компаниясынын колдоосу менен өттү. Директор Чолпон Турдалиева жетектеген Музейдик демилгелер коомдук биримдиги борбору бул долбоорду Кыргызстандын маданият министрлиги, эл аралык эстелик фондунун америкалык эксперттери жана Борбордук Азиядан келген жергиликтүү эксперттер менен бирге ишке ашырат.

Адистер Бурана мунарасынын бузулган чатырын суу өткөрбөгөн материал менен калыбына келтирип, антисейсмикалык техниканын жардамы менен дубалдарын жер титирөөдөн коргойт. Долбоор ошондой эле Маданият министрлигинин жана Бурана мунарасынын музей-комплексинин кызматкерлери, кураторлор жана реставраторлор үчүн семинарларды жана мастер-класстарды камтыйт. Санарип медиа кампаниясы Бурана мунарасынын маданий эстелик катары маанисин жайылтып, көбүрөөк конокторду тартуу үчүн маалымат жайылтууну жогорулатат.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.

Сүоөт: Элчиликтин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты