​Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалы өттү

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана тунгуч жазма акын, агартуучу жана манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Дүйнөлүк эпос фестивалы Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия (Хакасия, Тоолуу Алтай, Тыва, Калмыкия, Саха- Якутия, Башкортостан, Новосибирск, Абхазия ж.б.), Азербайжан, илимпоздор жана өнөр адамдарынын башын бириктирди.

Үч күнгө созулган фестиваль илимий- практикалык симпозиум, тегерек стол жана маданий ар түрдүүлүк парады менен коштолуп, эл аралык маданий алака бекемделди.

Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты