​Өрт бир үйдөн башка үйлөргө да өткөн

  • 3 года мурун

Алдын ала маалымат боюнча, 25-сенябрда Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районунун Беш-Капа көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу ӨКМ ге маалымат түшкөн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт жакын жайгашкан турак үйлөргө да өткөн. Өрттү өчүрүүгө өзгүчү кырдаалдар министрлигинен 7 өрт өчүрүүчү бөлүм, штаб, ыкчам топ тартылды. Өрт саат 19:53тө чектөөгө алынып, саат 22:20да толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен эки 2 аял киши күйүк алышып, медициналык жардам жеринде көрсөтүлдү, учурда абалдары канааттандыраарлык.

Өрттүн аянты болжол менен 360 чарчы метрди түздү.

Сүрөт; ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты