Мамлекет Түлеевге «Каравандын» бир бөлүгүн кайтарып берди

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин менчигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башкаруусундагы «Караван» соода борборунун жертөлөсүнүн бир бөлүгү жана соода борбордун 1-кабатынын бир бөлүгү кайтарылды. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Ленин райондук сотунун 17-сентябрдагы аныктамасы менен Нариман Түлеевдин соттун 2013-жылдын 29-июлунда чыгарган мүлктү конфискациялоо тууралуу өкүмүнүн аткарылышын жокко чыгаруу жөнүндөгү арызы толугу менен канааттандырылды.

Натыйжада, Биринчи май райондук сотунан аталган фондко документти аткаруу боюнча сунуш келип түшкөн. Анда «Караван» соода борборун 10 жумуш күнү ичинде “Ташболот Холдинг” ЖЧКсынын менчигине кайтарып берүү зарылдыгы көрсөтүлгөн.

Түлеев өз кезегинде ыктыярдуу негизде Бишкек шаарындагы 11 турак батирин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК балансына өткөрүп берген. Маалыматка ылайык, бул батирлер “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында өлкөнүн муктаж жарандарына берилет.

«Бул чечим өлкөдө турак жай фондунун тартыштыгы байкалып жатканын эске алуу менен, калктын турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Түлеевге таандык «Караван» соода борбору мамлекеттин карамагына 2017-жылы өткөн. Андан сырткары, Үмөталиев менен Токтогул көчөлөрүндөгү киши жашабаган жайлар да мамлекеттин эсебине алынган. Мындай кадамдар Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2013-жылдын 29-июнундагы жана 2014-жылдын 23-декабрындагы Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку соттун 2015-жылдын 30-ноябрындагы чечимдеринин негизинде жасалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты