Октябрда Орусиядагы кыргыз жарандарын паспорттоштуруу өнөктүгү өтөт

  • 3 года мурун

Октябрь айында Орусиянын аймагында жашап жана эмгектенип жаткан кыргыз жарандары Москва шаарындагы консулдук бөлүмдө паспорт алуу/алмаштыруу иштерин жүргүзө алышат.

Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 4-октябрынан 16-октябрына чейин Мосвка шаарындагы консулдукта паспорттоштуруу өнөктүгү өтөт. Ал үчүн Тышкы иштер министрлигинен (ТИМ) атайын консулдук кызматкерлердин тобу Москвага барат.

Көрсөтүлгөн даталарда саат 09.00дөн 21.00гө чейин Кыргыз Республикасынын паспортун алуу/ алмаштыруу маселеси боюнча Кыргызстандын жарандары консулдукка кайрыла алышат. Ал үчүн алдын ала каттоодон өтүү зарыл.

Орусияда кеминде 750 миңдей кыргызстандык миграцияда жүрөт. 57 миңден ашуун кыргыз жаранына өлкөгө кирүүгө тыюу салынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты