Кыргызстанда коронавирустун төртүнчү толкуну ноябрь-декабрь айларында башталары күтүлүүдө. Башка өлкөлөрдөчү?

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын аягы, декабрь айынын башында коронавирус илдетине чалдыккандардын санынын өсүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.

Ал вирустун мутацияга учурап, улам жаңы түрү пайда болуп жатканын, андыктан министрлик сунуштаган санитардык алгоритмдерди сактоо керек экендигин эскертти.

«Окуу процесси башталды, жакында парламенттик шайлоо өтөт. Ал жерде эл массалык түрдө чогулуп, санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылбайт. Андыктан ноябрь-декабрь айларында коронавирус көбөйөт деген божомолдор бар. Аны менен катар сасык тумоо дагы көбөйүшү мүмкүн. Бул учурда вирустук инфекциялардын күч алышы кадыресе көрүнүш», — деди Бейшеналиев.

Ошондой эле ал элдин 70 пайызы эмдөөдөн өтүп бүтсө, вирусту ооздуктаса болорун айтты.

«Өкмөт менен министрлик төртүнчү толкунга даяр. Өлкөнүн бардык региондорунда 2-3 айга кеңири жете турчу дары-дармек, коргонуучу каражаттар бар», — деди министр.

Бул божомолго улай ПолитКлиника медиасы башка өлкөлөрдө коронавирустун төртүнчү толкуну кайсы убакта башталары божомолдонгонун иликтеп көрдү.

Орусияда жаңы толкун сентябрдын аягы, октябрдын башында башталары божомолдонгон

Москва шаардык №40 оорукананын башкы дарыгери Денис Проценко 31-августта Сургут шаарында өткөн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, коронавирус пандемиясы сентябрь айынын аягы, октябрь айынын башында жаңыдан күч алышы мүмкүн экендигин айткан.

“Мени сентябрь айынын аягы, октябрдын башы түйшөлтүп турат. Себеби, бул учурда ковид менен катар сасык тумоо дагы күч алып, ага кошумча эл эс алуудан кайтып келет. Мунун бардыгы илдеттин жайылышына жана анын оор өтүшүнө өбөлгө түзүшү мүмкүн”, — деген Проценко.

Кыргызстанда коронавирустун төртүнчү толкуну ноябрь-декабрь айларында башталары күтүлүүдө. Башка өлкөлөрдөчү?

Ошондой эле Москва шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин жетекчиси Алексей Хрипун 9-сентябрда өткөн Аймактардагы социалдык инновациялар форумунда баш калаада коронавирустун төртүнчү толкунунун башталуу ыктымалдуулугу өтө жогору экендигин айткан.

Кыргызстанда коронавирустун төртүнчү толкуну ноябрь-декабрь айларында башталары күтүлүүдө. Башка өлкөлөрдөчү?

АКШ төртүнчү толкундан өттүбү?

Ушул жылдын 4-апрелинде АКШнын президенти Жо Байдендин коронавирус боюнча консультативдик комитетинин мүчөсү, эпидемиолог Майкл Остерхольм Fox News телеканалына берген маегинде “Штаттарда коронавирус пандемиясынын төртүнчү толкуну байкалып жатат” деген пикирин айткан. Окумуштуу бул оюн өлкөдө коронавирустун олуттуу коркунуч туудуручу бир канча жаңы түрүнүн пайда болушу менен түшүндүргөн.

Кыргызстанда коронавирустун төртүнчү толкуну ноябрь-декабрь айларында башталары күтүлүүдө. Башка өлкөлөрдөчү?

Ал эми июль айынын экинчи жарымында жалпыга маалымдоо каражаттары АКШ коронавирустун төртүнчү толкунун башынан өткөрүп жатканын жазып чыгышкан.

Алсак, 18-июлда USA Today гезитинин сайтында “COVID-19дун төртүнчү толкуну келди. Улуу Британиянын тагдырын кайталабай коё алабызбы? Али билүүгө эрте” аталышындагы макала чыккан.

Кыргызстанда коронавирустун төртүнчү толкуну ноябрь-декабрь айларында башталары күтүлүүдө. Башка өлкөлөрдөчү?

Ага улай эле 19-сентябрда Time журналы 4-июлдан 18-июлга чейин вирус аныкталган учурлардын санынын эки эсеге көбөйүшү экинчи жана үчүнчү толкунду эске салып жатканын айтып, АКШ күн өткөн сайын кийинки толкунга жакындап баратканын билдирген.

Кыргызстанда коронавирустун төртүнчү толкуну ноябрь-декабрь айларында башталары күтүлүүдө. Башка өлкөлөрдөчү?

25-сентябрда CBS телерадиокомпаниясынын сайтына «“Дельта» штаммы АКШда COVID-19дун төртүнчү толкунун чакырууда” деген видеорепортаж чыккан.

Кыргызстанда коронавирустун төртүнчү толкуну ноябрь-декабрь айларында башталары күтүлүүдө. Башка өлкөлөрдөчү?


Франция төртүнчү толкундун туу чокусуна август айында жеткен

Франциянын Саламаттыкты сактоо министри Оливье Веран 23-сентябрда BFM телеканалына берген маегинде өлкө бир канча күндөн кийин коронавирустун төртүнчү толкунунун туу чокусуна жетерин жарыялаган.

Францияда төртүнчү толкун июль айында башталып, күнүнө 20 миңдин тегерегинде жаңы учур катталып турган.

Кыргызстанда коронавирустун төртүнчү толкуну ноябрь-декабрь айларында башталары күтүлүүдө. Башка өлкөлөрдөчү?


Германияда коронавирус эпидемиясынын төртүнчү толкуну августтун аягында башталган

20-августта Deutsche Welle радиостанциясы Роберт Хока инситутунун билдирүүсүнө таянып, өлкөдө коронавирус пандемиясынын төртүнчү толкуну башталганын жазган. Институт жаңы толкун жаштар арасында илдетке чалдыккандардын көп болуп жатканынан улам күч алып баратканын билдирген.

Кыргызстанда коронавирустун төртүнчү толкуну ноябрь-декабрь айларында башталары күтүлүүдө. Башка өлкөлөрдөчү?


Коңшу Казакстанда абал кандай?

Август айынын башында бир канча жергиликтүү жана эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттары Алматы шаарынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшиндин сөзүнө таянып, Казакстанда коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын жазып чыгышкан. Бекшин илдетке чалдыккандардын саны “дельта” штаммынын жугуу ыктымалдуулугу жогору болгонунан жана калктын санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабагандыгынан улам өсүп жатканын билдирген.

Кыргызстанда коронавирустун төртүнчү толкуну ноябрь-декабрь айларында башталары күтүлүүдө. Башка өлкөлөрдөчү?


Түштүк Африкада коронавирус илдетинин төртүнчү толкуну декабрда башталат деп божомолдонууда

Бул тууралуу 17-августта өкмөттүн коронавирус боюнча консультативдик комитетинин мурдагы төрагасы Салим Абдул Каримдин сөзүнө таянып Bloomberg жазды. Маалыматка ылайык, эпидемиянын жаңы толкуну 2-декабрда башталып, болжол менен 75 күнгө созулары күтүлүүдө.

Кыргызстанда коронавирустун төртүнчү толкуну ноябрь-декабрь айларында башталары күтүлүүдө. Башка өлкөлөрдөчү?

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты