БШКнын экс-төрагасы Акылбек Сариев бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкер болуп катталды
- 3 года мурун
Акылбек Сариев №33 Нарын шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болуп катталды.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Акылбек Сариев БШКнын мүчөсү болгон. Ал эми 2010-2011-жылдары БШК төрагасы кызматын аркалаган.
2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү