Депутат Наталья Никитенко: “Кумтөрдө” эмне болуп жатканын суроого укугубуз бар

  • 3 года мурун

Депутат Наталья Никитенко “Кумтөрдүн” саясатчыларга, депутаттарга жолдогон билдирүүсү боюча пикирин билдирди.

-“Кумтөр” компаниясынын айрым саясатчыларга, депутаттарга, “диван эксперттерине” жолдогон билдирүүсүн кызыгуу менен окуп чыктым.

Биздин “Ата Мекен” партиясы жана мен, депутат катары “Кумтөрдү” улутташтыруу боюнча ырааттуу иштеп келатабыз. Биз юридикалык жактан негиздүү мамиле жасоону сунуштап келдик. Бул боюнча “Ата Мекен” сунуштаган улутташтыруу мыйзамын, мөңгүлөр тууралуу кылмыштуу мыйзамды денонсация кылуу, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн акыры жок кылууга негиз берген Суу кодексине өзгөртүүлөргө каршы күрөштүк. Бийлик тарабынан бул сунуштар четке кагылып, андан дагы “Ата Мекен” лидерине жана мүчөлөрүнө кысым жасалды, негизсиз кылмыш иштери ачылды.

Эгер компаниянын эл алдында, депутаттар алдында жоопкерчилиги тууралуу айта турган болсок, бизде моралдык жана юридикалык укук бар. Ошондуктан биз компания жана Министрлер кабинетинин эмне болуп жаткандыгы тууралуу суроого укугубуз бар. Мен берген суроо жоопсуз калды, ал суроо мени эле эмес, миңдеген шайлоочуларды да тынчсыздандырарын билдирип жатышат. Бөлтүрүктүн же анын басма сөз кызматынын ачуусу келгени жана эмоциялуу реакциясы түшүнүксүз. Менин эле эмес, жарандардын койгон маселесине олуттуу карап, эмоция менен эмес, даана жооп бериш керек. Бул менин депутаттык суроо-талабым, -деди депутат Наталья Никитенко Фейсбук баракчасында.

“Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому кийинки кезде аны сындаган саясатчыларга расмий жооп берди.

Кумтөрдүн расмий маалыматында айрым саясатчылар калп жана туура эмес маалыматтарды таратуу менен упай топтоого ыңгайлуу болгон бул “ысык тема” аркылуу өздөрүнүн баа-баркын көтөрүүгө аракет кылып аткандай сезилгени белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты