​«Кумтөр”: Депутаттар популисттик билдирүүлөрү менен шайлоого даярданышууда

  • 3 года мурун

“Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому кийинки кезде аны сындаган саясатчыларга расмий жооп берди.

Расмий маалыматта айрым саясатчылар калп жана туура эмес маалыматтарды таратуу менен упай топтоого ыңгайлуу болгон бул “ысык тема” аркылуу өздөрүнүн баа-баркын көтөрүүгө аракет кылып аткандай сезилгенин белгиледи.

-Кырдаалдын мындай өнүгүшү албетте “Центерра” үчүн да, айрым кызыкдар тараптар үчүн да пайдалуу. Депутаттар боюнча айтсак, баары айдан-ачык түшүнүктүү. Алар ушундай популисттик билдирүүлөрү менен арзан кадыр-барк топтоп, эртеңки шайлоого даярданышууда, -деп айтылат билдирүүдө.

-Эгерде депутаттар КГКнын убактылуу сырткы башкаруучусунун отчетун уккусу келсе, анда алар бул маселени Министрлер кабинети менен макулдашуусу керек жана ошол учурда гана отчет берилет, -деп билдирди.

“Кумтөр” ошондой эле Кыргызалтын” ААКсынын “Good Delivery List” ишенимдүү жеткирүүчүлөр тизмесинен чыгып калышы убактылуу маселе экенин белгилеп, убактылуу четтетүүнүн негизги себеби айтты:

-“Кыргызалтын” ААКсынын “Good Delivery List” ишенимдүү жеткирүүчүлөр тизмесинен чыгып калышы убактылуу маселе. Убактылуу четтетүүнүн негизги себеби – “Stone X” компаниясынын чыгымдарын жабуу боюнча жарандык-укуктук доосуна байланыштуу. Маселени тынчтык жолу менен чечүү мүмкүндүгүн «Stone X» өз кайрылууларында эки жолу билдирген. Жакын арада күтүлүп жаткан сүйлөшүүлөр кырдаалды жөнгө салууга мүмкүндүк берет жана «Кыргызалтын» ААКсына ишенимдүү жеткирүүчү макамы кайтарылат, -деп айтылат маалыматта.

22-сентябрда Жогоку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Кумтөргө тышкы башкаруу киргизилгенден берки ишмердүүлүгү боюнча отчет угууну талап кылышкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты