​Октябрь айынан тартып пенсия көбөйөт

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 1-октябрдан тарта пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоо жөнүндө токтомго 23-сентябрда кол койду.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, өткөн жылы пенсиясынын жалпы өлчөмү жашоо минимумунан төмөн болгон пенсионерлердин категориясы үчүн пенсиянын базалык бөлүгү 110%га индексацияланган. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өткөн жылы пенсионерлердин төмөнкү жашоо минимуму 4785,4 сомду түздү.

2021-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү 1,08 индексациялоо коэффициентине индексацияланат.

Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы менен жалпы пенсиянын орточо көлөмү 6248 сомду түзөт, бул пенсиянын жогорулатылганга чейинки орточо көлөмүнөн 8%га жогору, же 455 сомду түзөт. Жогорулатуу суммасы ар бир пенсионердин пенсиясынын өлчөмүнөн көз каранды болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты