«Жамгыр» алтын кенин иштеткен компаниянын калдык сактоочу жайындагы курулуш иликтенет

  • 3 года мурун

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Жамгыр» алтын кенин иштеткен “Вертекс Голд” компаниясынын калдык сактоочу жайынын курулушун көз карандысыз комиссия иликтейт.

Бул тууралуу Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев район тургундары менен жолуккан учурда билдиргенин өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы маалымдады.

Облус башчысы дамбанын курулушу 2018-жылы адистер тарабынан иликтенип, тийиштүү уруксат кагаздары берилгенин айтты. Жашоочулардын нааразычылыктары эске алынып, ага кайрадан көз карандысыз комиссиялык топ дайындала турганын, ачык айкындуулук үчүн комиссияга жергиликтүү калктан дагы өкүлдөр кирерин кошумчалады.

Ошондой эле эгер курулуш мыйзамсыз деп таанылса, аны башка жерге көчүрүүгө даяр экенин белгиледи.

“Көз карандысыз комиссия ишти иликтеп чыкканга чейин аталган жайда курулуш иштери улантылат. Анткени жергиликтүү бюджетке каражат түшүп, тургундар иш менен камсыз болууда. Курулуштун мыйзамсыз экени аныкталса, чыгымдын зыянын компания өзү толук тартат”, – деди облус башчысы.

Буга чейин жергиликтүү тургундар “Вертекс Голд” компаниясы тарабынан курулуп жаткан туюккапты (хвостохранилище) башка коопсуз жерге көчүрүү талабын коюшкан. Тургундар аталган жайда кар көчкү жүрсө, калдык Чаткал дарыясына кошулуу коркунучу жаралаарын айтып чыгышкан.

Эскерте кетсек, “Вертекс Голд Компани” компаниясы 2011-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Жамгыр» алтын кенин иштетип келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты