АӨБ Кыргызстанда азык-түлүк инфляциясы жогору бойдон каларын божомолдоодо

  • 3 года мурун

Кыргызстандын экономикасы 2021-жылдын экинчи жарымында калыбына келет, бирок азык-түлүккө болгон баанын өсүүсү жогору бойдон калат. Мындай божомолду Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) жасады.

АӨБ чыгарган “Азиянын өнүгүүсүнө сереп 2021” отчетуна ылайык, Кыргызстандын экономикасынын өсүү деңгээли 2021-жылы 3,5%га, 2022-жылы 5%га жетээри божомолдонууда. Ошол эле убакта банк пандемиянын жаңы толкуну боло турган болсо же эмдөө жай темп менен жүрө турган болсо, өлкөнүн экономикалык өсүүсүнө зыян келиши мүмкүн экендигин эскерткен. Ага себеп катары чек аралардын толук ачылбагандыгын, авиакаттамдар менен жол каттамдарынын толук калыбына келбегендигин жана ишкердик чөйрөнүн ишениминин төмөн бойдон калуусун көрсөткөн.

Отчетто азык-түлүккө болгон баанын өсүүсү жогору бойдон калары айтылат. Буга ташып келүү чынжырчасынын жай темп менен калыбына келип жатышы жана улуттук валютанын долларга карата 2020-жылдан бери 20 пайызга түшүп кетиши таасир этүүдө. Азык-түлүккө болгон баанын туруктуу жана ыкчам түрдө өсүп жатканын эске алуу менен Азия өнүктүрүү банкы 2021-жылы инфляция 10 пайызга жетерин, кийинки жылы 7 пайызга чейин түшөрүн божомолдогон.

Отчетто көрсөтүлгөндөй, 2021-жылдын биринчи кварталында учурдагы операциялардын эсебинин дефицити ички дүң продукциянын 4,6 пайызын түзгөн. Экспорт 9,5 пайызга кыскарган, анын басымдуу бөлүгүн алтын жана башка металлдар түзгөн. Ал эми машина, жабдуу, кийим, кумшекер көп ташылганына байланыштуу жалпы импорттун көлөмү 40,2 пайызга өскөн. Бул акча которуулардын көлөмүнүн былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41 пайызга жогорулашына өбөлгө түзгөн.

Азия өнүктүрүү банкы 2020-жылы майда кыргыз бийлигине пандемиянын кесепетин жоюу жана социалдык-экономикалык шарттарды жакшыртууга жардам берүү үчүн 50 миллион долларлык насыя жана грант берилгенин белгилеген. Ошондой эле саламаттык сактоо системасын чыңдоого чукул жардам көрсөтүү максатында 20 миллион доллар бөлүнгөнү кошумчаланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты