Орусия Баткен шаарына 1200 орундуу орус тилдүү мектеп куруп берет

  • 3 года мурун

Баткен шаарында Орусиянын каржылык колдоосу менен 1200 орундуу орус тилдүү мектеп курулат. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мэрия мектеп куруу үчүн Чет-Булак кварталынан 2 га жер тилкесин бөлүп берген. Орусиядан келген эксперт Радик Юлбаев шаар башчысы менен жолуккан учурда 2022-жылдан тарта Орусия Башкортостан мамлекеттик педагогикалык университетинде кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдү акысыз окутуп, адистерди даярдап берүүгө даяр экендигин билдирген.

Сүрөт: Баткен шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты