2026-жылдын 9 айында Баткен облусунда 6 млрд 200 млн сомго жакын каражат топтолду
- 1 день мурун
- Жаңылыктар
2026-жылдын 9 айында Баткен облусунун жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен кошумча 4 млрд 517 млн сом каражат бөлүндү.
«Жалпысынан, 2026-жылдын 9 айында Баткен облусунда жергиликтүү бюджетти жана аймактарды өнүктүрүүгө байланыштуу 6 млрд 200 млн сомго жакын каражат топтолду жана өздөштүрүлүүдө. Жыл сайын өсүп жаткан мындай көрсөткүчтөргө жетишүү менен бирге, бөлүнгөн каражаттарды туура жана натыйжалуу пайдалануу да өтө маанилүү” деп белгиледи президент.
Мындан тышкары Садыр Жапаров 2021-жылы Баткен облусунун дүң региондук продукциясынын көлөмү 27 млрд 83 млн сомду түзсө, 2027-жылга карата болжолдуу эсептөөлөр боюнча 67 млрд 534 млн сомго жетерин белгиледи.
Садыр Жапаров Баткен облусунун Сүлүктү, Баткен шаарларынын жана Лейлек, Баткен райондорунун тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту.




