Үйлөнүү максатында кыз уурдап бара жаткан жигит камалды

  • 3 года мурун

«Сосновка» стационардык постунда үйлөнүү максатында 20 жаштагы кызды уурдап бара жаткан жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 23-сентябрда болжол менен саат 3:00дө Ак-Ордо-3 конушунан 20 жаштагы кызды белгисиз адамдар «Ауди» үлгүсүндөгү унаа менен уурдап кетишкени туурасында маалымат түшкөн. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын адистери ыкчам маалыматтын негизинде «Ауди» автоунаасын токтотуп, кызды куткарышкан.

Милиция кызматкерлеринин билдиргени боюнча, жигит кызды никеге тургузуу үчүн Токтогулга уурдап бара жатканы белгилүү болгон. Учурда жагдайды Сокулук райондук милициясы териштирип жатат.

Кыргызстанда кыздарды уурдагандарга жаза эки ирет күчөтүлгөн. 2013-жылы күнөлүүнү жети жылга кесүү тууралуу мыйзам күчүнө кирсе, 2019-жылы аталган берене боюнча кылмышкерди 10 жылга чейин камоо каралган.

Укук коргоо органдарынын расмий маалыматына караганда, Жазык кодексинин «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси (175) менен 2020-жылы 210 иш катталган. Алардын 5% гана сотко жеткен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты