Бишкек мэриясы коомдук талкуудан кийин жол тандабас алуудан баш тартты

  • 3 года мурун

Бишкек мэриясы F-классындагы автоунааларды муниципалдык менчикке алуу боюнча шаардык кеңештин токтомунун долбоорун артка кайтарат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Шаардыктардын пикирин эске алуу менен, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан унааны муниципалдык менчикке алуу боюнча токтомдун долбоорун Бишкек шаардык кеңешинен кайтарып алууну тапшырды», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, 2010-жылы өндүрүштөн чыккан Toyota Prado үлгүсүндөгү унаа Транспорт жана жолдор министрлигине өткөрүлүп берилет.

Буга чейин мэрия F-классындагы унааларды муниципалдык менчикке алуу боюнча токтомдун долбоорун коомдук талкууга койгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты