Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды
- 3 года мурун
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда күчү 3,5 жана 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кырсык 22-сентябрь күнү саат 22:07де орун алган.
Жер титирөө Токтогул районунун Көл жана Алмалуу айылдарында 3,5 балл, Ак-Тектир, Кырк-Казык, Кара-Күнгөй жана Чон-Арык айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Муну бөлүшүү