Сыйлангандардын арасында Турсунбек Акунга III даражадагы «Манас» ордени тапшырылды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 22-сентябрда, ар кыл тармактын өкүлдөрүнө, өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына, өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын салтанаттуу тапшыруу аземи болду. Сыйлангандардын арасында мурдагы Акыйкатчы, Турсунбек Акунга III даражадагы Манас ордени тапшырылды. Турсунбек Акун өз кезегинде криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин укугун коргоп жөргөндүгү маалым.

Мамлекет башчынын жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги зор жетишкендиктери, көп жылдык жемиштүү эмгеги үчүн, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу, ошондой эле башка жетишкендиктери менен айырмаланган 189 адам сыйланды.

«Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы чыгаан мамлекеттик ишмерлер Жусуп Абдрахманов жана Акматбек Сүйүмбаевге ыйгарылды (каза болгондон кийин).

Сыйлангандардын арасында Борбордук Азия боюнча адам укуктары боюнча конгрессинин координатору, Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акунга III даражадагы Манас ордени тапшырылды. Турсунбек Акун өз кезегинде криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин укугун коргоп жөргөндүгү маалым.

Ошондой эле мамлекет башчы дарыгер, мугалим, машыктыруучу, укук коргоочу жана башка ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, көп жылдык жемиштүү эмгеги, ошондой эле Конституцияны иштеп чыгууга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты