​Президент Жапаров БУУдагы сөзүндө: ЮНЕСКОго «Тоо мөңгүлөрүн сактоо жөнүндө» резолюция демилгелеп жатабыз

  • 3 года мурун

«Кыргызстандагы кылым карыткан мөңгүлөр, дарыялар жана тоо экосистемасынын биоартүрдүүлүгү да жоголуу коркунучунда турат. Быйыл ЮНЕСКОго «Тоо мөңгүлөрүн сактоо жөнүндө» резолюцияны демилгелеп жатабыз. Ошол эле учурда Кыргызстан аркылуу киргизилип, жакында эле БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан бекитилген «Табият чек араны тааныбайт» аталышындагы токтом жоболорун аткаруу үчүн эл аралык өнөктөштөр менен иштеп жатабыз» деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 21-сентябрда, БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясындагы видеокайрылуусунда.

Мамлекет башчы бул боюнча үмүт артарлык жетишкендиктер бар экенин белгиледи. Мисалы, ак илбирс асыл жаныбары байырлаган өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен биргелешип иштөөнүн натыйжасында ак илбирс тукумунун жок болуп кетишине жол бербөө мүмкүн болду.

«Ошол эле учурда Кыргызстан 2050-жылга карата көмүртек бейтараптыгына жетишүүгө аракет кылат. Кыргыз экономикасы акырындык менен “жашылданып жатат”, көмүрү жок энергия булактары барган сайын көбүрөөк ишке киргизилет, бул биринчи кезекте гидроэлектр станцияларында ишке ашырылат. Кыргызстан өз аймагында энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында экологиялык таза энергия булактары болгон ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорлорду акырындык менен жүзөгө ашырууга ниеттенүүдө.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө заманбап, экологиялык жактан таза жана арзан энергия менен камсыз кылууга жетишүү 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү документинде көрсөтүлгөн глобалдык өнүгүү максаттарына жетүү үчүн өтө маанилүү. Кыргызстанда ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу Борбор Азия өлкөлөрүнүн гидроэнергетикага болгон муктаждыгын канааттандырат. Ошону менен биздин бүтүндөй аймактын туруктуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт деп ишенебиз. Суу-энергетика комплексинде, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде, Париж келишиминин духунда өз ара пайдалуу кызматташууга инвесторлорду чакырам», — деди Садыр Жапаров.

Ал Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулуктан, БУУ жана эл аралык каржы институттарынан тоолуу өлкөлөрдүн, өзгөчө деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү болбогон мамлекеттердин экосистема көйгөйлөрүн чечүүгө өзгөчө көңүл буруп, колдоп берет деген ишенимин билдирди.

«Буга байланыштуу, биз туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшү, ага ыңгайлашуу жана анын алдын алуу, тоо токойлору жана биоартүрдүүлүк, табигый кырсыктар, тоо коомчулуктарын колдоо боюнча программаларды ишке ашырууда тоолуу өлкөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн БУУнун алкагында атайын глобалдык фонд түзүүнүн учуру келди деп эсептейбиз», деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты