​Тармактык комитет Президенттин укук бузуулар жөнүндө кодексине каршы пикири менен макул болду

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин укук коргоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитети бүгүн, 21-сентябрда ,Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин ишке киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга Президенттин каршы пикирин карады.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өзүнүн түшүндүрмөсүндө белгилегендей, ал кодекстин демилгечиси катары КР Президентинин каршы пикирине макул болгонун билдирди.

Депутат Мирлан Жээнчороевдун пикиринде, Президентинин каршы пикирлеринде кодекстин айрым ченемдерин кайра карап чыгуу сунушталган, буга байланыштуу кодекстин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү зарыл.

Комитет Президенттин каршы пикирине макул болду.

Башкы прокуратура демилгечи болуп, жазык, жазык-процесстик, административдик укук бузуулар жөнүндө кодекстеринин жаңы редакциясы жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдарынын долбоорлору, кодекстерге киргизилип жаткан сунуштар жана алардын алешем жактары туурасында “ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө биз да бул туурасында сөз кылганбыз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты