Чүйдө адам уурдоого шектелип кармалгандар үй камагына чыгарылды

  • 3 года мурун

Чүй районунда адам уурдоого шектелип кармалгандар үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй райондук соту кылмышка шектүү катары кармалган 1994-жылы туулган М.И., 1995-жылы туулган Ж.Д. жана М.С.нун баш коргоо чарасын карап, прокурордун өтүнүчү менен айыпталуучуларды үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

Эске сала кетсек, 17-сентябрда Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө Искра айылында киши уурдоо фактысы болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, териштирүү жүргүзгөн учурда 17-сентябрда болжол менен саат 21:00 чамасында бейтааныш үч адам 1990-жылы туулган М.А. аттуу жаранды күч менен белгисиз тарапка уурдап кетишкени маалым болгон.

Бул факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Адам уурдоо» беренеси боюнча катталып, шектүү катары 1994-жылы туулган М.И., 1995-жылы туулган Ж.Д. жана М.С. кармалган.

Териштирүү учурунда шектүүлөр жабырлануучуну Чүй районунун аймагынын сыртына алып чыгып, коркутуу менен 100 миң сом акча талап кылышканы маалым болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты