Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 30 пайызга өстү

  • 3 года мурун

Кыргызстанда жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 7665 факты катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30%га көп.

Бул тууралуу 20-сентябрда үй-бүлөлүк зомбулукту жоюу үчүн мыйзамдарды өркүндөтүү маселеси талкууланган жыйында айтылды.

Расмий маалыматка ылайык, 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500дөн 3500гө чейин факты катталып турган. 2016-2018-жылдары бул көрсөткүч 7000ден түшкөн эмес. Алардын дээрлик 90%ы сотко жетпей, жабылып калган.

Башкы прокуратуранын билдиргени боюнча, 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 6145 учуру катталган. Алардын 90%ында аялдар жабыр тартаары аныкталган. 2020-жылы коронавирустан улам карантин жарыяланган учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун саны 62% көбөйгөн.

Сүрөт: Интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты